“IV Эл аралык коммуникация симпозиуму: санарип доордогу дезинформация” аттуу симпозиумга артка карай саноо башталды


  • 2024-04-22

15–17-май күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинде “IV Эл аралык коммуникация симпозиуму: санарип доордогу дезинформация” аттуу симпозиум өткөрүлөт.

Симпозиумдун максаты – дезинформациянын күчөшүнө өбөлгө түзгөн технологиялык жана социалдык-саясий факторлорду талкуулоо, ошондой эле дезинформациянын коркунучтарын жана кесепеттерин натыйжалуу чечүү.

Илимий иш-чарада коомдогу, саясаттагы дезинформациянын ойногон ролу, кризистик коммуникацияда дезинформацияга каршы күрөш, медиадагы этикалык маселелер, медиа сабаттуулук,  дезинформацияны мамлекеттик жана укуктук деңгээлде жөнгө салуу маселелери, жасалма интеллект, социалдык медиа, санарип дипломатия, маалымат аналитикасы, санарип доорундагы коопсуздук жана купуялык өңдүү маселелер каралат.

Симпозиумга коммуникация илимдери менен бирге социалдык, гуманитардык жана менеджмент багыты боюнча ар кайсы өлкөлөрдөн илимий изилдөөчүлөр катышышат.

Симпозиум маданий иш-чаралар менен да коштолот. Фотосүрөт көргөзмөсү, көк бөрү мелдеши, Чыӊгыз Айтматовдун үй-музейи жана “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине экскурсия уюштурулат.

Симпозиум кыргыз, түрк, англис жана орус тилдеринде өтөт.

 

Байланыш телефондору: meerim.artiseva@manas.edu.kg

+996772654566

    Социалдык медиада бөлүшүү