III Улуттук университеттер аралык социология студенттеринин симпозиуму


  • 2024-04-23

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин социология бөлүмүнүн чамгарагында “Маданият жана салт” аттуу III Улуттук университеттер аралык социология студенттеринин симпозиуму 2024-жылдын 22-апрелинде Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында болуп өттү.

Симпозиум Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин социология жана саясий-укуктук дисциплиналар кафедрасы, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин социология жана социалдык иштер кафедрасы,  Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедралары менен биргеликте уюштурулду.

Симпозиум Кыргызстандын түрдүү университеттеринен келген профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин катышуусунда өткөрүлдү.

Симпозиумдун ачылыш сөзүн сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин социология бөлүмүнүн башчысы, профессор Эртан Өзенсел Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин социология тармагы ЖОЖдор ачкан бөлүмдөр жана профессордук-окутуучулук курамдын эмгегинин аркасында бир топ ийгиликтерге жетишкенин баса белгиледи. Социологиянын алдыга жылуусу үчүн  профессордук-окутуучулук курадын жана студенттердин салымдары канчалык маанилүү экенин белгилеп, симпозиумга салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирди.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин социология жана социалдык иштер кафедрасынын башчысы социология илимдеринин кандидаты, доцент Абдикайым Жусубалиев өз сөзүндө маданият жана каада-салт коомду туруктуу кармап турган негизги элементтер экенин баса белгилеп, алардын маанилүүлүгүн социологиянын актуалдуу темаларынын бири катары көрөрүн белгиледи. Ал илимий изилдөөлөр социология тармагына чоң салым кошот деген ишеничин билдирди.

Симпозиум салтка айланып бараткандыгын белгилеген Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин социология жана саясий-укуктук дисциплиналар кафедрасынын башчысы, доцент Самарбек Сыргабаев кийинки жылы өткөрүлө турган симпозиумду уюштурууга даяр экендиктерин билдирди.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынан тарых илимдеринин кандидаты, доцент Динара Молдокулова симпозиумдун өзгөчө жаш изилдөөчүлөр үчүн маанилүү экенин белгилеп, катышуучулардын илим жолундагы алгачкы кадамдарын таштоого мүмкүнчүлүк бергенин билдирди.

Эки отурумдан турган симпозиум катышуучуларга Кыргызстандын маданияты менен каада-салттарын терең изилдөөгө мүмкүнчүлүк берди. Студенттердин изилдөөлөрү жана ой-пикирлери бөлүшүлгөн иш-чара социология тармагында жаңы перспективалардын пайда болушуна шарт түздү.

Симпозиумдун соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

    Социалдык медиада бөлүшүү