Ата Журтта 23-апрель шаңы


  • 2024-04-23

23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнү менен Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 104 жылдыгын белгилөө Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан Ататүрк сейил багында уюштурулган Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюу аземи менен башталды.

Аземге Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, элчиликтин кеңешчилери жана өкүлдөрү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору,  профессору Алпаслан Жейлан жана профессордук-окутуучулук курам, Билим берүү кеңешчилигине караштуу мектептердин мугалимдери, окуучулары, уюмдардын жетекчилери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Алгач Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги, андан соң Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректораты, Түрк Кызматташтык жана координация агенттигинин Бишкек кеңсеси (TİKA), Түрк-Кыргыз ишкерлери, маданият, тилектештик жана достук биримдиги (TÜKİD) жана Кыргызстандагы Ахыскалык түрктөр ассоциациясы гүлчамбарларды коюшту.

Гүлчамбар коюу аземинен кийин Ататүрк жана анын куралдаш жолдоштору, бардык шейиттер бир мүнөттүк тыным менен эскерилди жана Түркия Республикасынын Улуттук гимни жаңырды.

Элчи Доган иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө: “Улуттук эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалы түптөлүп жаткан мезгилде түрк элинин бардык курактагы адамдары биримдик жана ынтымакта талыкпай күрөштү”, - деп түрк элинин көз карандысыздык жана келечек үчүн күрөшү улантылып жатканын билдирди.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү