Ректор, профессор Жейлан 23-апрелде жаш жеткинчектер менен жолугушту


  • 2024-04-23

23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүн белгилөө Бишкектеги №72 Абдыкерим Сыдыков атындагы мектеп-гимназиясында уланды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк жана башкы катчы, профессор  Октай Өзгүл 23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүндө Бишкектеги №72 Абдыкерим Сыдыков атындагы мектеп-гимназиясына барышты.

23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүн эсте калаарлык кылып өткөрүү максатында окуу бөлмөлөрүн кыдырып, окуучулар менен жолугушкан ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө балдардын кыргыз тилин үйрөнүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун бул жааттагы сунушуна токтолду жана жаштардын өз эне тилинде сүйлөө зарылчылыгын баса белгиледи.

Келечектин түрк дүйнөсүндө биримдик жана ынтымак үчүн тилдин маанилүүлүгүнө көңүл бурган ректор, профессор Жейлан: “Келечектеги кылым “Түрк кылымы” болот”, -деп биримдик жана ынтымактын тилдер аркылуу бекемделет деген ишеничин билдирди.

Жолугушуу учурунда балдарга күтүлбөгөн белектерди тартуулаган ректор, профессор Алпаслан Жейлан кичинекей жүрөктөргө чоң бакыт тартуулады.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү