Футбол тарыхында достук издери


  • 2024-04-24

2024-жылдын 22-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Өзбекстан Наманган университетинин ага окутуучусу, док. Туракул Акможан Анварович тарабынан уюштурулган “Достук мамиледе футболдун тарыхы жана өтмүшү” аттуу семинар чоң кызыгуу менен өткөрүлдү.

Семинар тарых бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттерине багытталып уюштурулду. Доцент Туракул Акможан Анварович футболдун тарыхын жана ар кандай түрлөрү тууралуу кеңири маалымат берди.

Катышуучуларга достук мамиледе футболдун маанисин баса белгилеп, бул спорттун тарыхта кандай курал катары колдонулганын түшүндүрдү.

Семинар интерактивдүү суроо-жооп форматында өттү. Окутуучулар да, студенттер да өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алууга жана талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты. Доцент Туракул Акможан Анваровичтин билими жана тажрыйбасы катышуучуларга футболдун маданий жана социалдык таасирлерин изилдөөгө мүмкүнчүлүк берди.

Катышуучулар үчүн абдан жемиштүү болгон бул семинар футболдун жөн гана спорт болуу менен эле чектелбестен, тарыхта жана достук мамилелериндеги маанисин дагы бир жолу ачып берди. Семинардын аягында катышуучулар арасында футболдун бириктирүүчү күчү тууралуу таасирдүү маалымат алмашуу болуп, жаңы идеялар жана ойлор пайда болду.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү