Өзбекстан Наманган мамлекеттик университети менен “Манас” университети ортосундагы акыл таймашта түзүлгөн илимий жана боордоштук чөйрө


  • 2024-04-24

Өзбекстан Наманган мамлекеттик университети менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тарых бөлүмүнүн студенттери арасында илимий чөйрөдөгү боордоштукту жана сый-урматты даңазалаган акыл таймаш болуп өттү.

 

Таймаштын жүрүшүндө жаштар тарых, маданият жана искусство жаатындагы суроолорго жооп беришти. Маанилүү тарыхый окуялар, улуу ойчулдар, маданий мурас жана көркөм чыгармалар сыяктуу темалар боюнча күч сынашкан студенттер билимин жана академиялык жөндөмдөрүн көрсөтүшүп, ошол эле учурда эки тараптуу сыйлоо жана түшүнүү менен бири-бирин таанууга мүмкүнчүлүк алышты.

Таймаштын жыйынтыгында эки окуу жайдын студенттери бирдей ийгиликтерге жетишип, калыстар тобу “Биримдик, бир туугандык, достук жеңди”, - деп жыйынтык бирдей болгонун билдиришти. Бул мелдештин канчалык атаандаштык жана квалификациялуу откөрүлгөндүгүнүн көрсөткүчү болду.

Сынактын соңунда катышуучуларга тарых бөлүмүнүн башчысы, профессор Жээнбек Алымбаев тарабынан ар кандай сыйлыктар ыйгарылып, студенттер арасында жагымдуу маанай түзүлүп, бир туугандык байланыштар чыңдалганы байкалды. Иш-чара жаштар арасындагы маданий алмашууну жана түшүнүүнү арттырууга чоң салым кошкону айтылды.

Профессор Незахат Жейлан, Доц.м.а.док. Роза Абдыкулова, Доц.м.а.док. Зухра Алтымышова өңдүү уюштуруучулардын күжүрмөн аракети менен өткөрүлгөн таймаш жаштар арасында илимий атаандаштык менен бирге  бири-бирин түшүнүү жана сыйлоонун өнүгүшүнө да өбөлгө болду. Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын ортосунда өткөрүлгөн иш-чара келечектеги академиялык жана маданий кызматташтыктар үчүн да маанилүү платформа түздү.

    Социалдык медиада бөлүшүү