Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Мирзахидовдун ректор, профессор Жейлан менен жолугушуусу


  • 2024-04-24

2024-жылдын 24-апрелинде Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту. Проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк жана башкы катчы, профессор Октай Өзгүл да катышкан жолугушуу достук маанайда өттү.

Элчи Мирзахидов “Манас” университетинде окуган өзбекстандык студенттердин сапаттуу билим алышкандарын жана алар Кыргызстан-Түркия жана Өзбекстандын келечектеги кызматташтыгынын негизи болоорун билдирди. Өзбекстандык студенттер баш болгон  бүткүл түрк дүйнөсүнүн студенттерине эшигин ачкан “Манас” университетинин ректору, профессор Жейланга ыраазычылык билдирди.

Элчи Мирзахидовго университетибизге келгени үчүн ыраазычылык билдирген ректор, профессор Жейлан “Манас” университетинин эң чоң максаты - билимдүү, ар тараптуу, көп тил билген, тарыхын жана маданиятын коргогон дүйнөлүк деңгээлдеги түрк дүйнөсүнүн жаштарын чыгаруу экенин белгиледи.

Илимий жана маданий кызматташуулар талкууланган жолугушуу белек тапшыруу жана сүрөткө түшүү менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү