Ректор, профессор Жейлан Орхун алмашуу программасы менен келген окутуучулар менен жолугушту


  • 2024-04-24

2024-жылдын 24-апрелинде Орхун алмашуу программасынын алкагында университетибизге келген окутуучулар ректор, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушушту.

Ректоратта өткөрүлгөн жолугушууга Наманган мамлекеттик университети, Нигде Өмер Халисдемир университети, Измир Эге университети, Коркут Ата атындагы Кызылорда университети жана Атырау мамлекеттик университетинин окутуучулары катышты.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан жолугушуунун жүрүшүндө түрдүү университеттерден келген окутуучулардын тажрыйбалары жана билимдери менен бөлүшүү студенттердин кругозорун дагы да кеңейткенин белгиледи. Профессор Жейлан алмашуу программаларынын жетишкендиктери тууралуу да сөз кылды.

Орхун алмашуу программасынын алкагында келген окутуучулар “Манас” университетинде илимий семинарларды уюштуруп, окутуучулар жана студенттер менен тажрыйба бөлүшүштү.

Жолугушуу учурунда студенттердин семинарларга жана сабактарга чоң кызыгуу көрсөтүшкөнүн белгилеген окутуучулар университеттин бардык кызматкерлерине ыраазы экендиктерин билдиришти.

Жолугушуу белек тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү