Бишкектеги №72 Абдыкерим Сыдыков атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 104 жылдыгын жана 23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүн “Манас” университетинде өзгөчө шаң менен белгилешти.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан жаш жеткинчектерди чоң кубаныч менен тосуп алып, окууларына ийгиликтерди каалап, бул маңыздуу күнү кызматтык креслосун 1-класстын окуучусу өкүлү катары Сумая Сакмурзаевага тапшырды. Сумая Сакмурзаева университетте балдар убакыт өткөрө турган аянтчалардын санын көбөйтүүлөрүн каалады.
23-апрель майрамынын салтанаттуу иш-чараларынын алкагында башталгыч класстын окуучулары “Манас” университетинин проректорлору жана башкы катчы менен да жолугушушту.
Жагымдуу атмосферада өткөн жолугушуудан кийин ректор, профессор Алпаслан Жейлан балдар менен биргеликте “Манас” университетинин социалдык курулуштар имаратында тамактанып, 23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүнүн кубанычына ортоктош болду. Бул маңыздуу күн келечектин өкүлдөрү болгон балдарыбыз үчүн эстен кеткис болду.
Haberin fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/C6IleFLNUve/?igsh=MWo0OHpjaXk0cXY5cg==
https://www.instagram.com/p/C6Ike2vtZuq/?igsh=NWFndGUxa3NocThp
https://www.instagram.com/p/C6IXkvCNd9D/?igsh=ZDI4amRxamFvcnU5
Instagram:
https://www.instagram.com/reel/C6GXXbctnNV/