Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин жыйыны болуп өттү


  • 2024-04-25

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жыйындар залында 2024-жылдын 25-апрелинда өткөрүлгөн жыйынга Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын Коммуникациялар башкармалыгынын башчысы, профессор Фахреттин Алтун, Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын Стратегия жана бюджет башкармалыгынын башчысы, Жогорку билим берүү мамлекеттик комитетинин (YÖK) мүчөсү Ибрахим Шенел, Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, профессор Халим Халдун Гокташ менен Кыргызстандык Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талгат Аширбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Азамат Шаршеев катышты.

Жыйын видеоконференция аркылуу катышкан Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Фахреттин Алтундун ачылыш сөзү менен башталып, ректор,  профессор Алпаслан Жейландын баяндамасы менен уланды. Ректор, профессор Алпаслан Жейлан баяндамасында эки өлкөнүн эң маанилүү биргелешкен долбоору болгон “Манас” университетине чоң салым кошкон Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Фахреттин Алтунга жана Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.

Камкорчулар кеңешинин жыйынында университетке тиешелүү академиялык жана административдик маселелер талкууланып, маанилүү чечимдерге кол коюлду.

 

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C6L7lG2tfhr/?igsh=bThmb2l5c2hkZ3A

    Социалдык медиада бөлүшүү