“Манас жана театр” аттуу семинар болуп өттү


  • 2024-04-26

2024-жылдын 23-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмү тарабынан уюштурулган “Манас жана театр” аттуу семинар Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында болуп өттү.

Семинарга Кыргыз Эл жазуучусу, театр таануучу Жаныш Кулмамбетов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, манасчы Рысбай Исаков, “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинин директору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев, “Манас” театрынын директору Азиз Биймурза уулу, көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин баштаган профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун окутуу жана эпикалык чыгармалардагы образдарды тааныштыруу максатында өткөрүлгөн  семинар студенттердин “Манас” эпосунан “Каныкейдин тайторуну чабышы” аткаруусу менен башталды.

Көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн ага окутуучусу Таалайкүл Ташмамбетованын семинардын максатын жана маанилүүлүгүн тууралуу катышуучуларга кеңири маалымат берди. Иш-чаранын жүрүшүндө баяндамачылар “Манас жана театр” темасында пикир алмашып, маанилүү маалыматтар менен бөлүшүштү.

Аталган иш-чара болочоктогу актерлордун образды жаратуудагы көрүүсүнө, сезүүсүнө, ой жүгүртүүсүнө, эс тутумуна, айтып берүүсүнө, замандаштарына кыргыздын эпикалык чыгармаларын сахна аркылуу  көрүүчүлөргө аткарып берүү жөндөмдүүлүгүн арттырды.

Семинар баяндамачыларга ыраазычылык баракчаларын тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C6Ni83pNk4M/?igsh=NTF0YWhnOTZ5c3pt

 

    Социалдык медиада бөлүшүү