“Түрк дүйнөсүндө жогорку билим берүү” илимий жыйыны билим жана идеалдардын жолугушчу жерине айландырды


  • 2024-04-26

2024-жылдын  24-апрель күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында түрк дүйнөсүнүн жогорку билим берүү тармагындагы маанилүү иш-чара өткөрүлдү.

Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөрүлгөн “Түрк дүйнөсүндө жогорку билим берүү” илимий жыйыны “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Октай Озгүл, ректордун кеңешчилери профессор Режаи Доган жана профессор Серхат Бурмаоглу, Жогорку билим берүү мамлекеттик комитетинин мүчөсү, университетибиздин байкоочу кеңешинин төрагасы, профессор Нажи Гүндоган, Стамбулдагы Гедик университетинин окутуучусу, профессор Шакир Динчшахин, Гази университетинин окутуучусу, доцент Юсуф Гүнайдын, Хасан Калионжу университетинин окутуучусу, доцент Ихсан Куюмжу, ошондой эле профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Иш-чара “Манас” университетинин таанытуу тасмасы менен башталып, көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство жана музыка бөлүмдөрүнүн студенттеринин уникалдуу аткаруулары менен көркүнө чыкты.

“Түрк дүйнөсүндө жогорку билим берүү” илимий жыйындын ачылыш сөзүн сүйлөгөн “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан түрк дүйнөсүнө адептүү, тартиптүү, максатка умтулган, искусствону, адабиятты жана маданиятты билген дүйнөлүк деңгээлдеги студенттерди чыгаруунун маанилүүлүгүн айтып, жаштар түрк дүйнөсүнүн жаркын келечегине салым кошушарын билдирди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан : “Биз, баарыбыз, баалуу университетибиз үчүн профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана административдик кызматкерлери менен тынымсыз аракет кыла бермекчибиз”, -деди. Ректор, профессор Жейлан илимий жыйындын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, сөзүн аяктады.

Ректордун кеңешчиси, экономика жана башкаруу факультетинин деканы, профессор Серхат Бурмаоглу жетектеген илимий жыйында “Түрк жогорку билим берүү тармагын аныктоо", "Түрк университеттер ассоциациясын кайрадан уюштуруу", "Түрк жогорку билиминин сапатын камсыз кылуу системасын түзүү", "Орхун программасын жайылтуу" жана "Тилде, иште жана пикирде биримдик” темаларында баяндамалар жасалды.

Илимий жыйын профессордук-окутуучулук курам гана эмес, студенттер үчүн да маалымат алмашууга жана биргелешип ой жүгүртүүгө түрткү берди.

“Манас” университетинин чамгарагында өткөрүлгөн бул жолугушуу түрк дүйнөсүнүн келечегине жарык чачкан маанилүү кадам катары белгиленди.

Иш-чаранын соңунда баяндамачыларга кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирилип, атайын белектер тапшырылып, эстеликке сүрөткө тартылды.

 

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C6OvRapt8MX/?igsh=OGZscmJ4aDY5dXI=

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C6JKcBltlGS/

    Социалдык медиада бөлүшүү