Түрк тилдүү мамлекеттердин университеттеринин “Жибек Жолу” аттуу II көргөзмө-жарманкеси “Манас” университетинде


  • 2024-04-26

2024-жылдын 25-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас”  университетинин чамгарагында Түрк тилдүү мамлекеттердин университеттеринин “Жибек Жолу” аттуу II көргөзмө-жарманкеси болуп өттү.

Билим берүү жарманкесинде Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршад Дулкадир, “Манас”  университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, ректордун кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу, КТМУнун Карьера кеңсесинин жетекчиси, Доц.док. Мурат Эсен, профессордук-окутуучулук курам, студенттер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана университеттердин өкүлдөрү чогулушту.

Түрк тилдүү мамлекеттердин университеттеринин көргөзмө-жарманкесине Кыргыз-Түрк “Манас” университети баш болгон Гази университети, Анкара Медипол университети, Стамбул Нишанташы университети, Хаккари университети, Гедик университети, Баку мамлекеттик университети, Конья Каратай университети жана Ахмет Ясави атындагы эл аралык түрк-казак университети катышты.

Мектеп окуучулары, студенттер жана алардын үй-бүлөлөрү тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынган иш-чарада “Манас” университетинин жана Түркия Республикасынын сегиз жогорку окуу жайынын өкүлдөрү университеттердин кабыл алуу шарттары, сынактар, стипендия мүмкүнчүлүктөрү жана жатакана тууралуу деталдуу маалымат беришти.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан билим берүү жарманкесин уюштурууга салым кошкондорго ыраазычылык билдирип, буларга токтолду: “Бүгүн сиздерди “Манас” университети катары боордош өлкө болгон Түркиянын эң баалуу университеттери менен жолугуштурганыбызга сыймыктанабыз. Келерки жылы бул аракет жакшы жыйынтык берип, кыргыз жаштарыбыздын Түркияда билим алып, дүйнө менен интеграцияланарында шек жок.”

Ректор, профессор Жейлан жарманкенин катышуучуларына кайрылып, сөзүн мындай деп улантты: “Тилде, пикирде жана иште биримдик. Мунун эң негизги бөлүгү болгон билим берүү тармагында натыйжалуу иш алып баруу, жаштар, силер үчүн абдан маанилүү. Сиздерди алдыда сонун күндөр күтүп турат деп ишенем. Сынактарды ийгиликтүү тапшырасыздар деп ишенем. “Манас” университетинин эшиги сиздер үчүн ар дайым ачык!”

Иш-чара жаштардын билим алуу жана карьералары тууралуу туура чечим кабыл алууга жардам берүүчү маанилүү аянтча болуп калды.

Түрк дүйнөсүнүн жаштары үчүн маанилүү болгон билим берүү жарманкесинин соңунда коноктор КТМУнун Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарчага саякат-тур кылышып, окуу жайдын мүмкүнчүлүккө бай билим дүйнөсү менен жакындан таанышышты.

 

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C6Nth6QNyom/?igsh=em1lMm9ja3F5ZTE1

 

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C6LoURnNg4S/

    Социалдык медиада бөлүшүү