“Манастын” элет тургундары менен жолугушуулары уланууда: Элеттиктер менен жолугушуу шыктандырууда


  • 2024-04-24

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жетекчилигинин астында иш алып барган “Айыл тургундары менен жолугушуу” социалдык жоопкерчилик долбоору жергиликтүү тургундар менен көпүрө курууну улантууда.

2024-жылдын 22-апрель күнү Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Телман айылындагы Карыпбай Курманов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде жана Өтөгөн айылындагы Жапаркул Алыбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде уюштурулган жолугушуулар жергиликтүү эл менен университеттин ортосунда күчтүү байланыштын түзүлүшүнө шарт түздү.

Телман жана Өтөгөн айылдарынын тургундары менен жолугушууга КТМУнун Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жетекчиси, профессор Кемал Полат, ветеринария факультетинен профессор Фатих Хатипоглу, инженердик факультетинин тамак-аш инженерлиги бөлүмүнөн кенже илим.кызм.док. Айбек Бодошов, айыл чарба факультетинин өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнөн кенже илим.кызм. Сезим Жолдошбекова, Шейит “Эрен Бүлбүл” атындагы ден соолук борборунун лаборант Айжан Садырбаева катышты.

Профессор Кемал Полат ачылыш сөзүндө “Манас” университетинин миссиясы жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен жакындан тааныштырып, сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнөн сөз кылды.

Ветеринария факультетинен профессор Фатих Хатипоглу ветеринардык кесиби дүйнө жүзүндө талап кылынган кесиптердин бири экенин айтып, КТМУдагы заманбап лабораторияларда практика кылуу мүмкүнчүлүктөрү жана сапаттуу билим берүү системасы тууралуу маалымат берди.

Делегациянын башка мүчөлөрү да КТМУнун факультеттери жана бөлүмдөрү тууралуу кеңири малымат беришти.

Жалпы билим берүү орто мектептеринин директорлорунан “Манаска” ыраазычылык

Карыпбай Курманов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин директору Чынара Иманалиева делегациянын “Манас” университети тууралуу кеңири маалымат бергенине кубанычта болгонун бөлүшүп, окуу жайдын жетекчилигине жана жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди. Иманалиева мектептин бүтүрүүчүлөрү “Манас” университетинде билим алуусу аң-сезимдүү тандоо экенин белгилеп, бул тандоонун жыл сайын көбөйүп жатканын билдирди.

Жапаркул Алыбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин директору Атай Жолдошбеков болсо мектеп бүтүрүүчүлөрү “Манас” университетинде билим алып, Кыргызстанда жана Түркияда ийгиликтүү иштеп жатышканын баса белгиледи. Жолдошбеков бул кызматташтык өркүндөп, боордош эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин бекемделишине салым кошушарын айтты.

Элет тургундары менен жолугушуулар сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C6OO32Pt8md/?igsh=emMxOWM3dWlwNnk3

    Социалдык медиада бөлүшүү