Изилдөөнү долбоорлоо боюнча кезектеги семинар


  • 2024-04-25

2024-жылдын 24-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Изилдөөнү долбоорлоо семинарларынын алкагында кезектеги семинар уюштурулду. “Манас” университетинин профессордук-окутуучулук курамы, магистратура жана докторантура программаларынын студенттеринин катышуусунда өткөрүлгөн семинарды “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин социология бөлүмүнүн бөлүм башчысы, профессор Эртан Oзенсел өттү.

Профессор Oзенсел макала жазуунун негиздерине токтолуп, макала жазууда эске алынышы керек болгон жагдайлар, эрежелер тууралуу кеңири маалымат берди.

Семинар профессор Oзенселдин катышуучулардын суроолоруна жооп берүүсү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C6YzTFyNazV/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү