“Студентти таануу жана натыйжалуу байланыш” семинары


  • 2024-04-28

2024-жылдын  25-апрель күнү “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында “Студентти таануу жана натыйжалуу байланыш” семинары болуп өттү. 

Семинар КТМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун башчысы, доцент Эркан Эфилти тарабынан өткөрүлүп, ага окуу жайдын окутуучулары жана студенттери катышты.

Аталган иш-чарада университетте окутуучулардын студенттерге заманбап мүмкүнчүлүктөр менен натыйжалуу билим берүү жана алардын билим алууга болгон кызыкчылыгын арттыруу үчүн керектелген шарттар талкууланды. Доцент Эркан Эфилти баяндамасында катышуучуларды семинардын максаты менен тааныштырып, студентерди таануу жана алар менен натыйжалуу байланыш түзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Семинар суроо-жооп менен соңуна чыкты.

    Социалдык медиада бөлүшүү