“Табигый илимдерде долбоорду даярдоо жана жазуу” семинары


  • 2024-05-10

2024-жылдын 8-майында КТМУнун Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында “Табигый илимдерде долбоорду даярдоо жана жазуу” аттуу семинар айыл чарба факультетинин мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмүнүн бөлүм башчысы, доцент Эрен Өзден тарабынын өткөрүлдү.

Семинарга КТМУнун окутуучулары жана магистратура, докторантура программаларынын студенттери катышты. Семинарда долбоор жазуунун жалпы эрежелери жана принциптери боюнча кеңири баяндама жасаган доцент Эрен Өзден катышуучуларга эң көп кетирилген каталар тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, ал өзүнүн тажрыйбасына таянып, долбоорду даярдоодо пайда болушу мүмкүн болгон көйгөйлөр жөнүндө айтып, катышуучуларга кеңеш берди.

Суроо-жооп менен уланып, интерактивдүү форматта өткөн семинар катышуучулар тарабынан кызыгуу менен кабыл алынды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C6tNdW7toX-/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү