Өзгөчө муктаждыктары бар балдар “Манаста” көңүл ачышты


  • 2024-05-10

2024-жылдын 10-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректоратынын жыйындар залында көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери Бишкектеги биринчи балдар хосписинен келген өзгөчө муктаждыктары бар балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө атайын даярдаган аткаруусу менен эстен кеткис күн тартуулашты.

Иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл жана окутуучулар катышты.

Театралдык искусство бөлүмүнүн ага окутуучусу Чагалдак Замирбековдун жетекчилигинде даярдалган жана ага окутуучу Эрдоган Эгмендин сахна жасалгасы, кийимдери менен тартууланган “Жалкоо Шайдулла” жомогу балдарды театрдын сыйкырдуу дүйнөсү менен тааныштырды.

Жомоктун башкы каарманы Шайдулла жалкоолук туура эмес экенин, эмгексиз ийгиликке жетүүгө болбостугун үйрөткөн сапарга аттанат. “Жалкоо Шайдулла” жомогу көрүүчүлөргө үмүткө толгон сапар тартуулап, маанилүү турмуштук сабак менен жүрөктөрдү козгоду.

Мындан тышкары балдардын үй-бүлөлөрү бул иш-чара үчүн ыраазычылык билдиришти. Айрыкча балдарга даярдалган белектер жана иш-чарадан кийин чогуу өткөргөн убакыт ар биринин жүзүнө жылмаюу тартуулады.

Иш-чаранын соңунда жыйынтыктоочу сөз сүйлөгөн ректор, профессор Алпаслан Жейлан жомокто камтылган маанилүү билдирүүгө басым жасап, студенттерге ыраазычылык билдирди. Ректор, профессор Жейлан өз сөзүндө коноктордун кубанычта болгонун айтып, “Манас” университетинин эшиги алар үчүн ар дайым ачык экенин билдирди. Ректор, профессор Жейлан иш-чаранын ишке ашуусуна салым кошкондордун бардыгына ыраазычылык билдирип, чын жүрөктөн куттуктады.

Андан соң сөз сүйлөгөн биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев балдардын келечеги үчүн жасалган ар бир салымдын маанилүүлүгүнө көңүл буруп, “Манас” университетинин бул жааттагы аракеттерин жогору баалады. Ал “Манас” университети Кыргызстандагы билим берүү тармагында гана эмес, коомдук тилектештикте да алдыңкы ролду ойноорун баса белгиледи.

Театралдык көрсөтүүдөн кийин балдар жана алардын үй-бүлөлөрү студенттер менен “Манас” университетинин социалдык курулуш имаратында түшкү тамактануу учурунда жолугушуп, андан соң “Оба” чай бакчасында кесиптик жогорку мектебинин мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери тарабынан коюлган “Төрт дос” спектаклин көрүштү.

Акырында кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класска катышкан балдар жана алардын үй-бүлөлөрү студенттердин өз колдору менен даярдаган белектери менен кубанычтарын арттырды. Иш-чара балдарга балмуздак тартуулоо менен аяктады.

Бул унутулгус иш-чара үмүт канатынын астында чогулган адамдарга достук жана сүйүүгө толгон эскерүүлөр калтырды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C6y58pltOkk/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C6yzf-LtED8/

    Социалдык медиада бөлүшүү