“Манас” университетинен орто билим берүүгө колдоо көрсөтүү


  • 2024-05-10

2024-жылдын 10-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын жетекчилигиндеги делегация Бишкек шаарындагы профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейине иш сапар менен барды. Делегация мектеп-лицейдин жетекчилиги менен мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

98 жылдык тарыхы бар туңгуч кыргыз мектептин жетекчилиги менен жолугушууга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл катышты.

Жыйын Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин директору Мелискан Асанованын мектептин ишмердүүлүгүн баяндаган презентация менен башталды. Асанованын айтымында, бүгүнкү күндө мектеп-лицейде 3225 окуучу билим алууда. Айрыкча акыркы жылдары “Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрүн мектеп-лицейге жумушка алып жатышканын баса белгиледи.

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жолугушуу учурунда буларга токтолду: “Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргызча билим берүүнү өнүктүрүүгө терең маани берет. Биз буга абдан кубанычтабыз. Анткени бир калк эне тилинде билим бербесе, анын келечегин коргоп калуусу, өзүнүн улуттук иденттүүлүгүн сактап калышы абдан кыйын.”

“Манас” университети – Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандыктын көрсөткүчү болгон укуктардын негизинде түзүлгөн орток окуу жай экенин айткан ректор, профессор Жейлан КТМУ дүйнөдө алдыңкы 1000 университеттин катарына кирип, 800-орунда турганын, Кыргызстанда мындай ийгиликке жеткен алгачкы университет экенин баса белгиледи.

“Биз студенттерибизге билим берип жатып, аларды Кыргызстан үчүн гана эмес, түрк дүйнөсү жана ошондой эле дүйнөлүк деңгээлде да пайдалуу инсан катары чыгарууга аракет кылып келебиз”, -деген ректор Жейлан бул багытта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган университетибизге ар дайым колдоо көрсөтүшөрүн белгилеп, мындан улам университетибиздин дагы жетишкендиктерге жетүүсү үчүн аракет кылышарын билдирди.

“Албетте, биздин окуу жайдын жетишкен ийгилиги маанилүү, бирок биз үчүн эң маанилүү болгон нерсе бул - Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуу. Балдар үйүнө, карылар үйүнө да жардам көрсөтүп келебиз,” –деген ректор Жейлан КТМУ мындан ары да Кыргызстандын бардык тармакта өнүгүшү үчүн зарыл болгон колдоосун көрсөтүп, салым кошууга даяр экендигин билдирди.

Ректор, профессор Жейлан “Манас” университетинде 2 миллионго жакын материалдарды камтыган бай китепкана бар экенин жана аны окуучулар колдонушса болорун белгилеп, мектеп-лицейдин китепканасына көмөк көрсөтүшөрүн айтты.

Иш сапар мектеп-лицейдин окуу бөлмөлөрү, китепканасы менен таанышуу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C6zCSefOrQo/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C60vNryNHbg/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү