Кыргызстандагы айылдарга жана мектептерге болгон сапарлар Баткенден башталды


  • 2024-05-12

Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан социалдык жоопкерчилик аң-сезими менен ишке ашырылып жаткан “Манастын айылдарга жана мектептерге сапары” долбоорунун алкагында биринчи иш сапары 2024-жылдын 5-майында Кыргызстандын Баткен облусунун Ак-Сай айылына болду. Иш-чарага айыл башчы, мектеп директору, мугалимдер, окуучулар жана элет тургундары катышты.

Делегациянын курамында окуу жайыбыздын Туруктуу өнүктүрүү комиссиянын төрагасы жана программалык координатор, профессор Кемал Полат, кенже илим.кызм.док. Айбек Бодошов, кенже илим.кызм. Сезим Жолдошбекова, ветеринар адиси Айтурган Дүйшөбаева жана Арстанбек Сагынбай уулу орун алды.

“Манас” университетинин Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын төрагасы жана программалык координатор, профессор Кемал Полат командасы менен айылга келип, университеттин миссиясы жана максаты менен тааныштырды. Дыйканчылык, мал чарбачылыгы, инженерия, тамактануу, теология жана билим берүү сыяктуу тармактарда маалыматтык изилдөөлөр жасалып, көбүрөөк аң-сезимдүү жана туруктуу иш-аракеттерге багыт берилгени баса белгиленди.

Профессор Кемал Полат сапардын максатын түшүндүрүп, окуучулардын карьера пландоо жана кесип тандоосуна жол көрсөтүү экенин айтты. Ал ошондой эле дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенген айыл тургундарын университет жана илим дүйнөсү менен жолуктурууну максат кылышканын билдирди. Ага ылайык дыйканчылык жана мал чарбачылыкта колдонулган заманбап техникалар жана жаңы өнүгүүлөр тууралуу маалымат бере тургандыктарын баса белгилеген профессор Кемал Полат окуучулардын билим алуудагы муктаждыктарын аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүлөрүн жана мугалимдердин квалификациялары аныктала турганын билдирди.

Профессор Кемал Полат “Манас” университети зарыл болгон учурда окуучуларга онлайн курстарды уюштуруу менен колдоо көрсөтөрүн жана кыргыз тилиндеги булактар менен камсыз кыларын билдирди.

Айыл башчысы Алимбек Сабыров бул маңыздуу сапардын айыл элине жана окуучуларга чоң дем бергенин билдирди. Университет менен болгон байланыштарын бекемдөөнү каалашкандарын айткан Сабыров бул сапардан абдан ыраазы болгондорун баса белгиледи.

Б. Ходжаев атындагы мектептин директору Изатбүбү Акылбекова окуу жайдын бул сапарына абдан кубанычта болгонун билдирди. Мугалимдердин жана окуучулардын мотивациясы жогорулаганын белгилеген Акылбекова университетте билим алып жаткан студенттерге да токтолуп, университетке дагы көп студент кабыл алынат деп үмүт кылышкандыктарын жана бул мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана тургандыктарын билдирип, университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Сапардын алкагында Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектеби, В.И.Ленин атындагы орто мектеби, Баткен облусттук гимназия-жатак мектебинде, Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектеби, Бужун гимназия-мектеби, Кызыл-Жол орто мектебиндеги мугалимдер менен биргеликте 9-10-11-класстын окуучуларынын катышуусунда түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү.

Сапардын соңунда класстын биринчиси болгон жана алтын медалга ээ болгон окуучуларга кыргыз жана түрк желектери тапшырылды. Мындан тышкары иш-чарага катышкан бардык окутуучуларга жана окуучуларга университетибиздин брошюралары таратылып, белектер берилди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C63uZIdtpXU/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү