Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен кызматташуу протоколуна кол коюлду


  • 2024-05-13

2024-жылдын 10-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ортосунда кызматташуу протоколуна кол коюлду.

Ректоратта өткөн салтанатта кол коюлган протоколдук келишим тил саясатынын жүргүзүлүшүндө жана долбоорлорду ишке ашырууда маанилүү кадам болуп саналат.

Мындан тышкары тил саясаты жаатындагы изилдөөлөрдүн натыйжалуу жүргүзүлүшүнө шарт түзө турган бул кызматташтык кыргыз тилинин улуттук жана эл аралык деңгээлде көбүрөөк таанылышына жана жайылышына салым кошмокчу.

Протокол Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий жана академиялык карым-катнаштардын мындан ары да бекемделишине салым кошуп, тил саясаты жаатындагы изилдөөлөрдүн натыйжалуу жүргүзүлүшүнө шарт түзөт.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү