Социалдык жоопкерчиликтин үлгүсү болгон “Манас” университетинде лейкоз менен ооруган балдар үчүн жарманке уюштурулду


  • 2024-05-14

Боорукердиктин жана тилектештиктин дареги: “Манас” университети

“Университеттен да артык…” экенин аткарган иш-аракеттери менен дайыма көрсөткөн “Манас” университети дагы бир жолу үлгү болуп, лейкоз менен күрөшкөн балдарга колдоо көрсөтүү максатында 2024-жылдын 13-майында жарманке уюштурду.

Жал кичирайонунда жайгашкан “Оба” чай бакчасында уюштурулган жарманке студенттердин, окутуучулардын жана “Манас” университетинин кызматкерлеринин катышуусунда чоң кызыгуу менен өткөрүлдү.

КТМУнун гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Незахат Жейландын уюштуруусунда өткөрүлгөн жарманкеде кыргыз жана түрк даамдары сатыкка коюлду.

Жарманке “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын ачылыш сөзү менен башталды. Жарманкеден түшкөн каражат лейкоз менен ооруган балдардын дарылануусуна жумшала турганын ректор, профессор Жейлан университеттин мындан ары да социалдык жоопкерчилик иш-чараларын уюштуруу менен Кыргызстанга социалдык жаатта да салым кошууну уланта турганын баса белгиледи. “Кыргызстандын ар бир баласы биздин балабыз, “Манас” үй-бүлөнүн баласы”, - деп сөзүн уланткан профессор Жейлан лейкоз менен күрөшкөн балдарга колдоо көрсөтүүнүн университеттин жоопкерчилиги экенин айтты.

Жаз фестивалынын шаңында жарманке

“Манастын” жаз фестивалы менен катар уюштурулган жарманкеде Кыргызстандын белгилүү ырчылары Айганыш Абдиева, Толгонай Арзыкеева жана башкалардын катышуусунда өттү. Бири-биринен өткөн керемет ырларды аткарган ырчылар иш-чарага шаң кошушту.

“Манас” университетинин студенттери өз ыктыяры менен жардам берип, колдоо көрсөтүштү. Муну менен алар социалдык жоопкерчилик иш-чараларына катышуунун жана лейкоз менен ооруган балдардын дарылануусуна салым кошуунун кубанычын жашашты. Ошондой эле жаз фестивалында чер жазышты.

“Манас” университетинин бул сыяктуу иш-чаралары менен коомго кошкон салымы, окуу жайдын билим берүү тармагында гана эмес, социалдык жоопкерчилик түшүнүгүндө да алдыңкы мекеме экенин көрсөттү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C66fMHnNAH7/

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C66qKVGNtrF/

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C66uLRQtQ5j/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C66KsdoNCnt/

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C66LENhNVNY/

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C66tsvkNX0x

    Социалдык медиада бөлүшүү