Биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова кызматын өткөрүп берди


  • 2024-05-14

2023-жылдын март айынан бери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору болуп иштеген Бактыгүл Каламбекова 2024-жылдын 14-майында ректоратта өткөн салтанатта кызматын өткөрүп берди.

Кыргыз Республикасынын орто кесиптик жана жогорку билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Исраилова, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Октай Өзгүлдүн катышуусунда өткөн аземде Каламбековага үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык айтылып, гүл тапшырылды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C69Pnqyt_dY/

    Социалдык медиада бөлүшүү