Жүрөгүбүздөгү үн: Улупамир


  • 2024-05-16

Улупамирден келген кыргыз айымдары “Манас” университетинде

2024-жылдын 14-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында “Жүрөгүбүздөгү үн: Улупамир” аттуу маданий иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Улупамирден келген кыргыз айымдары чач кеп, жоолук уч, пүчү, дүрия жоолук, каляк, тумар чач, калпакча, кыргак, чатыма, сынсыла, шамалбак, сынсыла сыяктуу кыргыздын улуттук кийимдерин жана маданий өзгөчөлүктөрүн таанытышты.

Аталган иш-чара маданий мурастарды терең үйрөнүү жана келечектеги муунга жеткирүү максатында КТМУнун гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Незахат Жейлан тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Анадолудан ата мекенге ысык салам!

Ван облусунун Эржиш районуна караштуу Улупамир айылынан Кыргызстанга келген айымдар Анадолудан ысык салам алып келишти. “Аталар изи” коомдук фондунун негиздөөчүсү,  саймачы, дизайнер, салттуу билимдерди алып жүрүүчү Асел Калканованын айтымында, Улупамирден кыргыз айымдарды Кыргызстанга алып келүүнүн максаты – ата-бабалардан калган мурастарды көрсөтүү жана жайылтуу, жүздөгөн жылдардан калган эски буюмдардын тарыхын айтып берүү. “Манас” университетинде жана ата мекени болгон Кыргызстанга келгенине кубанган Асел Калканова жана улупамирдик кыргыз айымдар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, ошондой эле “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга, аталган иш-чараны уюштурган гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Незахат Жейланга ыраазычылык билдирип, алардын ар дайым көрсөткөн колдоосуна кубанычта болгонун айтышты.

 “Улупамирден жолго чыктык!

“Жүрөктөгү үн: Улупамир” маданий иш-чарасында сөз сүйлөгөн ректор, профессор Алпаслан Жейлан: “Маданият жашап турганда бар. Эгер аны сактабасак, жок болуп кетет”, - деп маданият, маданий баалуулуктар жана салттуу спорттук оюндар тууралуу сезимдери жана ойлору менен бөлүштү.

Түрк элинин эч качан көчмөн болбогонун баса белгилеп, “Түрк эли бир да доордо көчмөн болгон эмес. Биз көчмөн эл эмеспиз. Мына, 60-70 жаштагы чоң энелерибиз, жаш кыздарыбыз Улупамирден бүгүн бул жакка келишти. Алар бул жерде кандай эмоция менен сүйлөп жатышат, караңыздарчы. Кыргызстанга келгендерине кандай бактылуу?! Бул бакыт бизге муну көрсөтүп турат. Биз дагы Кыргызстанга болгон терең сүйүүбүздү жана сый-урматыбызды Эржиш-Улупамирден баштадык”, - деди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C682UuNtbjp/

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C69M9zptdVb/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C69PdaYNNlG/

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C68MFQENHar

    Социалдык медиада бөлүшүү