Чет тилдер жогорку мектебинде викториналык сынак


  • 2024-05-16

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чет тилдер жогорку мектебинин тил үйрөтүү бөлүмүнүн түрк тили координаторлугуна караштуу викториналык сынак комиссиясы тарабынан уюштурулган “Түркия түркчөсү викториналык сынактын” жыйынтыктоочу туру 2024-жылдын 14-майында КТМУнун конгресс жана маданият борборунда өткөрүлүп, бир нече адамдын катышуусунда өзгөчө шаң менен коштолду.

Викториналык сынак даярдоо бөлүмүнүн студенттеринин арасында жалпы маданият, түрк тили жана түрк дүйнөсү темаларынын алкагында маалымдуулугун жана талантын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берди.

Аталган иш-чарага “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, профессор Режаи Доган, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн ректор, профессор Жейлан “Манас” университети QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде төрт жылдызга ээ болгонун сыймыктануу менен айтып, мындай деди: “Кечээ дагы бир ийгиликке жетиштик. Алдыда дагы аткарылышы керек болгон бир нече иш бар. “Манас” университетинин алардын баарын аткарууга күчү жетет. Алгачкы жолу кирген бул категорияда алдыдагы жылдары сиздер менен биргеликте беш жылдызга ээ болобуз, дүйнөлүк университеттердин рейтингинде да алдыңкы 500гө киребиз.”

Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган өз сөзүндө билим берүүнүн сапатын жогорулатууга колдоо көрсөтүлүп жатканын баса белгилеп, буларга токтолду: “Чет тилдер жогорку мектебине келген ар бир студент “Манас” үй-бүлөсүнүн мүчөсү. Студенттер үчүн болгон күч-аракетибизди жумшоо менен иш алып жатабыз.” Профессор Режаи Доган окутуучулар студенттерге тил үйрөтүү менен гана чектелбей, КТМУнун миссиясына ылайык жаштарга билим берип жатышканын билдирди.

Алдын ала тандоолордун жыйынтыгында ар биринен үчтөн студент катышкан 37 тайпанын арасынан беш тайпа; 411 (эртең мененки), 323 (түштөн кийинки), AZ- 012, 429 (эртең мененки) жана 411 (түштөн кийинки) тайпалары финалдык этапта кездешип, аларга жалпы маданият, түрк тили жана түрк дүйнөсү боюнча 25 суроо берилди.

Чоң толкундануу менен көрүлүп, курч атаандаштыкка күбө болгон акыл таймаштын жыйынтыктоочу турунда АЗ-012 тайпасы жеңүүчү деп табылды. Экинчи орунга 411 (түштөн кийинки) ээ болсо, ал  эми үчүнчү орунду 323 (түштөн кийинки) тайпасы алды. Алдыңкы орундарды ээлеген студенттерге грамоталар жана сыйлыктар чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, профессор Режаи Доган, тил үйрөтүү бөлүмүнүн төрагасы Фатих Башкапан тарабынан тапшырылды.

Таймаш “Манас” университетинин билим сапатын жана студенттеринин ийгиликтерин дагы бир жолу ачып берди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C7DvoCHNrkd/?igsh=MTNibGRhaWR2Z2tyNA==

İnstagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C7A3fJCI7le

 

    Социалдык медиада бөлүшүү