“Манастын” айылдарга жана мектептерге болгон сапарларынын алкагында 25 мектепте иш-чаралар өткөрүлдү


  • 2024-05-16

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Айылдарга жана мектептерге болгон сапарлары” социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында Баткенде башталган айыл жана мектептерди кыдыруу Таласта аяктады. Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарындагы 25 мектепте таанытуу жана маалыматтык иш-чаралар өткөрүлдү.

05.05.2024-10.05.2024 аралыгында болгон иш сапарда делегациянын курамында окуу жайыбыздын Туруктуу өнүктүрүү комиссиянын төрагасы жана программалык координатор, профессор Кемал Полат, кенже илим.кызм.док. Айбек Бодошов, кенже илим.кызм. Сезим Жолдошбекова, ветеринар адиси Айтурган Дүйшөбаева, Арстанбек Сагынбай уулу жана Нурадин Бахпурбек уулу орун алды.

Сапар программасы тууралуу маалымат берген долбоордун координатору, профессор Кемал Полат университетибиздин корпоративдик миссиясына жана максаттарына ылайык шаардын жана аймактардын өнүгүшүнө салым кошуу максатында бул долбоорду ишке ашырышканын баса белгилеп, өткөн жылдардагы Бишкекте, анын айланасындагы айылдардагы мектептерге болгон сапарлар быйылкы жылы дагы кеңейип бүтүндөй Кыргызстанга кызмат кылууну максат кылышканын билдирди. Буга байланыштуу ишке ашырылган долбоор менен Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарындагы айылдарда жалпысынан 25 мектепте таанытуу жана маалыматтык иш-чаралар уюштурулуп, 2000 окуучу менен жолугушканын айтты. Бул сапарлар аркылуу университетибиз менен тааныштырып, элдин, мугалимдердин жана окуучулардын көйгөйлөрүн угуп, алардын суроолоруна жооп беришкенин билдирди. Ошондой эле студенттерге кесип тандоого багыт берип, жашоодо ийгиликке жетүү, убакытты туура пайдалануу, улуттук аң-сезимди тарбиялоо боюнча семинарларды өткөрүшкөндөрүн айтты.

Профессор Полат сапарлар абдан жемиштүү болгонун, окуучуларга мотивация берип, өздөрүнө ишеним жаратканын, көздөрүндөгү жалын менен жүздөрүндөгү жылмаюуну байкашканын баса белгиледи. Мугалимдер менен да жеке жолугушуулар өткөнүн, аларга билим берүүнүн жана окутуунун жаңы ыкмалары жөнүндө маалымат берип, көйгөйлөрүн угуп, аларды чечүү жолдорун сунуштагандарын; дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенген айыл тургундарын университет жана илим дүйнөсү менен жолуктурууну максат кылышканын белгилеп, бул тармактарда колдонулган заманбап техникалар жана жаңы өнүгүүлөр тууралуу маалымат беришкендерин билдирди.

Профессор Полат университетибиздин миссиясына дал келген мындай маңыздуу долбоорду колдогон университеттин жетекчилигине жана берилгендик менен иштеп жаткан долбоордун командасына ыраазычылык билдирип, мындай сапарлар Ысык-Көл жана Нарын облустарына да уюштурула турганын билдирди.

Иш-чаралардын соңунда соңунда класстын биринчиси болгон жана алтын медалга ээ болгон окуучуларга кыргыз жана түрк желектери тапшырылды. Мындан тышкары иш-чарага катышкан бардык окутуучуларга жана окуучуларга университетибиздин брошюралары таратылып, белектер берилди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C7D_IgMNyg9/?igsh=YnZmdHhidGpuYTF

    Социалдык медиада бөлүшүү