Маданий мурастын изинде: “Унутулуп бара жаткан кесиптер” даректүү тасмалардын көрсөтүлүшү


  • 2024-05-17

2024-жылдын 13-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин кинозалында  “Манас” агенттиги тарабынан уюштурулган “Унутулуп бара жаткан кесиптер” даректүү тасмалардын көрсөтүүсү факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттердин катышуусунда өттү.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн коммуникация факультетинин коомчулук менен байланыш жана жарнама бөлүмүнүн окутуучусу, доцент Абдулхаким Бахадыр Дары унутулуп бара жаткан  кесиптердин маанилүүлүгүнө токтолуп: “Чындыгында, унутулуп бара жаткан  ар бир кесип коомдун эсинде катылган кенч. Өтмүшүбүздүн маданий мурасы болгон салттуу кесиптер усталардын кол өнөрчүлүгүн жана көз нурун гана эмес, ошол эле учурда биздин тарыхыбыздын жана ким экендигибиздин бир бөлүгүн алып жүрөт”, - деди.

Иш-чарада салттуу ээр устачылыгы сыяктуу унутулуп бара жаткан кесиптердин акыркы өкүлдөрү тарабынан  баяндалган даректүү тасмалардын арасында  “Акыркы үн, акыркы дем”, “Чоң атадан небереге” жана “Акыркы кат” аттуу тасмалар орун алды.

Иш-чара көрүүчүлөргө маданий мурасыбызды эске салып, бул баалуулуктарды сактоо жана келечекке өткөрүп берүү боюнча маалымдуулукту арттыруу максатын көздөдү. Даректүү тасмалардын көрсөтүлүшү салттуу кесиптердин бүгүнкү күндө сакталышы керектигин ортого койду.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C7EJ3qdNOo3/?igsh=a3M2cjF0c3dsZTZv

 

    Социалдык медиада бөлүшүү