“Ыр канатында” концерти өзгөчө шаң менен өттү


  • 2024-05-17

2024-жылдын 15-май күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн студенттери тарабынан “Ыр канатында”  аттуу концерт өзгөчө шаң менен өттү.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн окутуучусу, доцент Анарбек Ибраевдин жетекчилигинде өткөн концертке “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан баштаган профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Концерттин жүрүшүндө көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн студенттери Адинай Нуржадыева, Гүлзина Манапова, Эгемберди Сүйүналиев, Аэлита Рысбекова жана Айчүрөк Салиева кыргыз, түрк жана орус тилинде ар кыл жанрдагы жүрөк балкыткан обондорду созуп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.

Концерттик программа Кыргыз Республикасынын Эл артисти Рысбек Жумакунов жетектеген “Түрк дүйнөсү” оркестри, фортепиано жана “Бэнд” группасынын коштоосунда “Эсиндеби?”, “Сагынуу”, “Туулган жерге”, “Кош жылдыз”, “İlacım”,  “Affetmem asla seni” сыяктуу жаңырган обондор угуучулардын алкышына арзыды.

Иш-чаранын аягында ректор, профессор Алпаслан Жейлан “Манас” университетинин өнүгүшө салымын кошуп келе жаткан доцент Анарбек Ибраевди жана анын таланттуу студенттерди сахнага чакырып, аларга өзүнүн жана көрүүчүлөрдүн атынан ыраазычылык билдирди. “Көркөм өнөр факультети абдан ийгиликтүү факультеттердин катарына кирип, чоң ийгиликтерге жетишүүдө. Быйыл мыкты концерттерге күбө болдук”, - деген ректор, профессор Алпаслан Жейлан көркөм өнөр факультети 5 жылдызга татыктуу экенин баса белгиледи.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан акыркы жылдары университетибизде факульттер арасында жарышуу болуп жатканын айтып, ар бир факультет узак жолду басып өтүп, КТМУ дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин бири болууга жетишкенин сыймыктануу менен айтты.

Концерт чогуу сүрөткө түшүү салтанаты менен жагымдуу нотада аяктады.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7Ec3npt_3S/

İnstagram:

https://www.instagram.com/reel/C7D_vObtd4E/?igsh=ZHYxdmYzcDV5Yjd

    Социалдык медиада бөлүшүү