ТИКАнын Президенти “Манас” университетине келди


  • 2024-05-18

2024-жылдын 16-майында Түрк Кызматташтык жана Координациялык Агенттигинин (ТИКА) Президенти Серкан Каялар Кыргыз-Түрк “Манас” университетине сылык сапары менен келип, ректор, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.

Ректоратта өткөн жолугушуу биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл жана Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы программалык координатору Мехмет Бодурдун катышуусунда өттү.

Жолугушуудан кийин ТИКАнын Президенти Каялар жана “Манас” университетиндеги ТИКА колдоосу аркылуу курулган күнөскана, эмерек жана ширетүү цехтерин кыдырып, аткарылып жаткан иштерди көрдү.

ТИКАнын Президенти Серкан Каялар Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келгенине кубанычта болгонун билдирди. “Боордош эки өлкөнүн достугун символу, айрыкча, түрк дүйнөсүнүн маркасына айланган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин орду чоң. ТИКА менен “Манас” университетинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында аткарылып жаткан иштерди көрүп абдан кубанычта болдук”, -деди.

Каялар ТИКАнын колдоосу менен ишке ашырылган долбоорлордун эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты дагы да бекемдегенин баса белгилеп, окуу жайдын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7JBU2ctaot

    Социалдык медиада бөлүшүү