Ата Журтта 19-май күнүн майрамдоо


  • 2024-05-19

19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамын белгилөө Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан Ататүрк сейил багында уюштурулган гүлчамбар коюу аземи менен башталды.

2024-жылдын 19-майында өткөн иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, элчиликтин кеңешчилери жана мүчөлөрү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев жана окуу жайдын жогорку жетекчилиги баш болгон профессордук-окутуучулук курам, ассоциациянын төрагалары жана басма сөз өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюу аземи менен башталды. Гүлчамбар коюу аземинен кийин Ататүрк жана анын куралдаш жолдоштору, бардык шейиттер бир мүнөттүк тыным менен эскерилди жана Түркия Республикасынын Улуттук гимни жаңырды.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн элчи Доган бул күндүн маанисине жана маанилүүлүгүнө токтолуп, жаштарга маанилүү билдирүүлөрдү берди. Доган өз сөзүндө жаштарга кайрылып: “Жаштар! Сиздер мамлекетибиз үчүн, түрк улуту үчүн чарчабастан талыкпай эмгектенүүнү улантышыңыздар керек, - деп өлкөнүн келечегинде жаштардын ордун баса белгиледи.

Иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

Иш-чарадан кийин Кыргыз-Түрк “Манас”университетинин “Оба” чай бакчасында уюштурулган эртең мененки тамакта КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев менен “Манас”университетинин студенттери жолугушту. Ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев студенттерди 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы менен куттуктап, алар менен көңүлдүү убакыт өткөрүштү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7JkgDZtFWA

    Социалдык медиада бөлүшүү