“Ислам дининдеги Ханафий-Матуридий түшүнүгү” аттуу эл аралык илимий симпозиум


  • 2024-05-20

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин теология факультети тарабынан уюштурулган “Ислам дининдеги Ханафий-Матуридий түшүнүгү” аттуу эл аралык илимий симпозиум 2024-жылдын 17-майында Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөрүлдү.

Симпозиум эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруу жана университеттин таанытуу тасмасын көрсөтүү менен башталды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан симпозиумдун ачылыш сөзүндө теология факультети Кыргызстанда эң мыкты билим берген факультеттердин бири экенин баса белгиледи. Профессор Жейлан быйыл бүтүрүүчү болгон докторантура программасынын студенттеринин илим дүйнөсүнө чоң салым кошо турганын белгилеп: “Биз илим үчүн барбыз. Туура менен туура эмести илимдин нуру менен Муфтият менен бөлүшөбүз жана алар дагы зарыл болгон нерсени жасай тургандарына ишеничибиз чексиз”, - деди.

Ошондой эле Абдулкерим Сатук Бугра Хан мечитинин күн сайын толуп турганын жана бул университет үчүн чоң сыймык жана кубаныч булагы экенин айткан профессор Жейлан симпозиумдун ишке ашуусуна салым кошкондорго жана сырттан келген конокторго ыраазычылык билдирди.

Биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев ачылыш сөзүндө университет билим берүү тармагында гана эмес, ар кандай коомдук тармактарда да салым кошуп жатканын белгиледи. Биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, пдоцент Алмаз Ибраев: “Кыргыз-Түрк “Манас” университети коомубузга жана коомдук турмуштун ар кыл тармактарына салым кошуп келет. Мындай симпозиумду уюштуруп, маанилүү маселелерди талкуулаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем", - деди.

Теология факультетинин деканы, профессор Хасан Айык симпозиумдун ачылыш сөзүндө факультет тууралуу маалымат берип, уюштурулган илимий жыйындар, семинарлар жана симпозиумдарга токтолду. Профессор Айык симпозиумдун офлайн жана онлайн түрдө жалпы 10 отурумдан турганын белгилеп, Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Татарстан, Нигерия, Алжир, Индонезия жана Афганистан сыяктуу ар кайсы өлкөлөрдөн катышуучулардын доклад окуй турганын баса белгиледи.

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары  Самидин кары Атабаев өз сөзүндө симпозиум мамлекеттик деңгээлде чоң мааниге ээ экенин белгилеп, “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өтүп жаткан бул симпозиум эки өлкөнүн ортосундагы достукту, тарыхты, боордоштугубузду жана ынтымагыбызды дагы да бекемдейт. Айрыкча, бизди бириктирген диний баалуулуктарыбыз жана ислам системабыз биз үчүн чоң сыйлык”, - деди.

Түркия Республикасынын Элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик Кыргыз-Түрк “Манас” университети дүйнөлүк рейтингде маанилүү орунда экенин баса белгиледи. Сезик: “Университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен бирге болуу мени абдан кубандырды. Симпозиумду өткөрүүгө салым кошкон бардык адамдарга ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалайм”,- деди.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин биринчи отурум ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Догандын жетекчилигинде өткөрүлдү. Профессор Режаи Доган симпозиумдун маанисине токтолуп, отурумду баштады.

Отурумдарда “Ханафий-Матуридий пикири жана рационалдык илимдер”, “Ханафий мазхабынын факихи: Кывамуддин аль-Иткани жана анын фикх ойлору”, “Имам Матуридинин даанышмандык жана риваят пикири”, “Фергана өрөөнүндөгү Ханафийлик-Матуридийлик байланыш” деген темалар орун алды.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар ыйгарылып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Симпозиум Ханафий-Матуридий пикиринин кеңири аудиторияга жайылтууга, бул тармактагы академиялык изилдөөлөрдү бөлүшүүгө жана ислам дүйнөсүндөгү ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулар арасында маалымат алмашууга шарт түздү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7Ls45gtlX8/

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C7L3MSbtGem

    Социалдык медиада бөлүшүү