Ат-адамдын канаты: Ирфан Гүрдалдан коштошуу концерти


  • 2024-05-20

2024-жылдын 16-майында көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн окутуучусу жана түрк дүйнөсүнүн өнөр адамы Ирфан Гүрдал “Ат-адамдын канаты” аттуу коштошуу концерти менен искусство сүйүүчүлөргө унутулгус көз ирмемдерди тартуулады.

Конгресс жана маданият борборунда өткөн иш-чарага “Манас” университетинин ректору, профессору Алпаслан Жейлан, ректордун кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу, көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин, окутуучулар жана студенттер катышты.

Концертте көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнөн турган топто; Гөкхан Усал, Нежип Йылгын, Фатих Эренлер, Шафак Баш, Мустафа Кызанлыклы жана Хатиже Муратова музыкалык аспаптар менен  Ирфан Гүрдалды коштоп турушту.

Ирфан Гүрдал түрк дүйнөсүнүн музыкалары жана өзүнө таандык ырлары менен угармандарга музыкалык жагымдуу маанай тартуулады.

Концерттин жабылышында “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан көркөм өнөр факультетинин алтын доорду баштан кечирип жатканын белгилеп, Ирфан Гүрдалга университетке кошкон салымы жана эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Көрүүчүлөрдүн алкышына арзыган Ирфан Гүрдалдын “Ат - адамдын канаты” аттуу концерти баардык искусство сүйүүчүлөрдүн жүрөгүндө терең из калтырды.

“Манас” университети катары кымбаттуу агайыбыз Ирфан Гүрдалдын мындан ары да ийгиликтерди каалап, музыка жана искусство коштогон сапарында албан албан ийгиликтерди багындыруусуна тилектешпиз.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C7MSGBONAX9/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C7MGvkXt6kz/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA=

    Социалдык медиада бөлүшүү