“Манас” университетинде маданий фестиваль: “Манастын бийлери” менен 19-май шаңы


  • 2024-05-20

2024-жылдын 15-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ден соолук, маданият жана спорт башкармалыгы менен көркөм жетекчи, профессор Күршад Гүлбейаз тарабынан уюштурулган жабык спорт аянтында ар улуттун маданиятын даңазалаган бийлер тартууланды.

19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата уюштурулган “Манастын бийлери” аттуу маданий иш-чара шаңдуу өткөрүлдү. 

Көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн арт-директору, профессор Күршад Гүлбейаздын жетекчилигинде уюштурулган бий кечеге “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, ректордун кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Ошондой эле “IV Эл аралык коммуникация симпозиуму: санарип доордогу дезинформация” аттуу симпозиумга конок катары келген Малтепе университетинин ректору, профессор Эдибе Сөзен жана Хажи Байрам Вели атындагы Анкара университетинин ректору, профессор Мехмет Нажи Бостанжы да иш-чарага катышты.

Окуу жайдын таланттуу студенттери Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркменистан, Азербайжан, Дагестан, Монголия , Индия, Испания жана башка өлкөлөрдүн маданиятына таандык бийлерди тартуулашты.

“Манас” университети маданий иш-чараларды өткөрүүгө умтулуусу менен түрдүү улуттардын каада-салттарын жана үрп-адаттарын сактоону жана жайылтууну улантууда.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C7Mm4rSNuTK/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C7B2MNqNGNW/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA=

    Социалдык медиада бөлүшүү