“Манас” университетинде 19-май күнүн белгилөө жана спорттук мелдештердин сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өттү


  • 2024-05-21

2024-жылдын 17-майында 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата  “Манас” университетинде уюштурулган салтанат чоң шыктануу менен өттү.

Спорт илимдери факультети тарабынан уюштурулган иш-чарада КТМУнун студенттери менен академиялык жана административдик кызматкерлеринин ортосундагы спартакиадада алдыңкы орундарга жетишкендерге, ошондой эле ЖОЖдор аралык  I Кыргызстан чемпионатында ийгиликке жетишкендерге сыйлыктар тапшырылды.

Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн иш-чарага Кыргыз Республикасынын Студенттик спорт федерациясынын вице-президенти Алмаз Касенов, “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректор профессор Мехмет Сезаи Түрк, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Салтанаттын ачылыш сөзүн сүйлөгөн “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан спорт илимдери факультетинин ар тармакта ийгиликтүү экенин баса белгилеп: “Урматтуу спортчуларыбыз күн сайын талыкпай эмгектениип, жетишкендиктерге жетишип жатышат. Көп эмгектенген дайыма ийгиликке жетишет”,-деди. Ошондой эле Мустафа Кемал Ататүрктүн: “Мен спортчунун акылдуусун, шамдагайын, адептүүсүн жактырам”, - деген сөздөрүнө токтолуп, “Биздин студенттер акылдуу, ийгиликтүү жана адептүү. Сиздер ар дайым адебиңиздер, кулк-мүнөзүңүздөр, позицияңыздар менен ар дайым айырмаланып, бизди да сыймыкка бөлөп жатасыздар”, - деди.

Биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев “Манас” университети жөн гана окуу жай эмес, университеттен да артык экенин белгилеп, “Ден соолугубуз чың болгондо билим жана башка ийгиликтер улана берет. Университетибизде спортчуларга бардык шарттар түзүлүп жатат жана биз дагы буга күбө болуудабыз”,- деди.

Спорт илимдери факультетинин деканы, профессор Канат Жанузаков өз сөзүндө 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы менен куттуктап, “Мустафа Кемал Ататүрктүн идеяларын жана принциптерин колдонуу менен келечекке карайбыз. Учурда Кыргызстанда студенттик спорт абдан өнүккөн. Университет уюштурган спорттук иш-чараларга катышкан бардык студенттерге ыраазычылык билдиребиз”, -деди.

Ийгиликтүү спортчулар сыйланышты

Факультеттер арасында өткөрүлгөн ар кандай спорттук оюндарда 3-орунду чет тилдер жогорку мектеби, 2-орунду экономика жана башкаруу факультети, ал эми 1-орунду гуманитардык факультети алды.

Академиялык жана административдик кызматкерлердин ортосунда XIV. Спорт оюндарынын сыйлоо аземинде 3-орунду башкы катчылыктын “Көк жал” командасы, 2-орунду “Манас жаштары” командасы жана 1-орунду гуманитардык жана коммуникация факультеттеринин кызматкерлеринен турган “Алга” командасы жеңип алды.

Аземде 25-марттан 28-апрелге чейин Бишкек жана Ош шаарларында өткөн ЖОЖдор аралык чемпионатта “Манас” университетинин командалары зор ийгиликтерге жетишкени баса белгиленди.

Чемпионатта тогуз коргоол, шахмат, дзюдо, баскетбол жана футбол боюнча командалар 1-орунду, стол тенниси боюнча уландар жана кыздар командалары 2-орунду, эркин күрөш боюнча уландар жана кыздар командалары 3-орунга ээ болушту. Жалпысынан 6 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болгон “Манас” университетинин 74 студенти медаль менен сыйланганы белгилүү болду.

Иш-чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Студенттик спорт федерациясынын вице-президенти Алмаз Касенов  “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга, башкы катчы, профессор Октай Өзгүлгө жана спорт илимдери факультетинин деканы, профессор Канат Жанузаковго ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

“Манас” университети спортчуларга түзүп берген мүмкүнчүлүктөрү жана көрсөткөн колдоолору менен студенттеринин академиялык жана спорттук тармактарда да ийгиликтүү болушун камсыз кылуу максатын көздөйт. Буга ылайык, спорт илимдери жаатында уюштурулган иш-чаралар студенттердин өнүгүүсүнө салым кошот.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C7Qdz2etZ3i/?igsh=MWtheXM0amdjMjhv

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C7OcUqYtDLD/

    Социалдык медиада бөлүшүү