IV Эл аралык коммуникация симпозиумунун алкагында “Батыш Азербайжанга кайтуу” аттуу иш-чара болуп өттү


  • 2024-05-22

Үстүбүздѳгү жылдын 16-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин кинозалында Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин катышуусунда Азербайжан Республикасынын өкмөттүк эмес уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү агенттиги, Медиа изилдөө жана мониторинг борбору тарабынан уюштурулган “Батыш Азербайжанга кайтуу” аттуу иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чара Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында коммуникация факультети тарабынан уюштурулган “IV Эл аралык коммуникация симпозиуму: санарип доордогу дезинформация” аттуу симпозиумдун алкагында өткөрүлдү.

Иш-чара Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гандилов Латиф Сейфаддин оглу, Азербайжан Республикасынын өкмөттүк эмес уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү агенттигинин өкүлдөрү, Медиа изилдөө жана мониторинг борборунун төрагасы Заур Гарипоглу, “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий  илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, профессордук-окутуучулук курам жана студенттердин катышуусунда өттү.

Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гандилов Латиф Сейфаддин оглу иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп, сөзүн мындай деп улантты: “Президентибиздин билдирүүсүнө ылайык, биз макулдашууга даярбыз. Биз болгону өз жерибизди каалайбыз.”

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн ректор, профессор Алпаслан Жейлан Азербайжан жана Түрк мамлекеттери ортосундагы бир туугандык, маданий жана саясий байланыштарга токтолду. “Университеттин көпчүлүк иш-чаралары Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гандилов Латиф Сейфаддин оглунун катышуусунда өтөт. Биз буга абдан кубанычтабыз”, -деген ректор, профессор Жейлан аталган иш-чарадагы берилген маалыматтар пайдалуу болот деген ишеничте уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Медиа изилдөө жана мониторинг борборунун төрагасы Заур Гарипоглу өз сөзүндө Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиевдин бир туугандык мамилеге көңүл бурду. Гарипоглу: “Бул мамиленин натыйжасында Түрк тилдүү мамлекеттер уюму Түрк мамлекеттер уюмуна айланды. Бул абдан маанилүү нерсе, анткени буга чейин биз өзүбүздү түрк тилдүү деп атачубуз. Биз азыр түрк мамлекеттерибиз. Биз бирге күчтүүбүз. Канчалык биримдикте болсок, ошончолук күчтүү болобуз”, -деди.

Иш-чаранын соңунда Медиа изилдөө жана мониторинг борбору тарабынан кошкон салымы үчүн ректор, профессор Алпаслан Жейланга, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрккө, “Манас” радиосунун мүдүрү Эрдоган Алтунга сыйлык тапшырылды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C7RMP-KN980/?igsh=MWQyMG9nNHczNTh3eQ==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C7OjkDsN-VF/?igsh=MXRpd2toY2Rrdzh6Zg==

    Социалдык медиада бөлүшүү