Көркөм өнөр факультетинен көз жоосун алган “Эң жөнөкөй окуя” спектакли тартууланды


  • 2024-05-22

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери көз жоосун алган “Эң жөнөкөй окуя” спектаклин тартуулашты. Үстүбүздөгү жылдын 17-май күнү тартууланган театралдык көрсөтүү “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн ага окутуучусу Адылбек Болорбек уулунун көркөм жетекчилигинин астында драматург Мария Ладонун “Эң жөнөкөй окуя” чыгармасынын негизинде даярдалды.

Искусство дүйнөсүнө жетелеген спектаклди көрүүгө КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, ректордун кеңешчиси, профессор Режаи Доган, көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин жана башка окутуучулар, студенттер, театр күйөрмандары келишти.

“Эң жөнөкөй окуя” спектакли көрөрмандардын чоң колдоосуна ээ болуп, дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду. Мыкты аткаруу үчүн чыгармачыл топту чын жүрөктөн куттуктаган көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин факультеттин жалпы жамаатына жана студенттерге ыраазычылык билдирди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C7RNs3YtvEB/?igsh=aHBkY3I3Nzl1emc3

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C7RHPJmNxuu/?igsh=MWEzdHM4bnVxbWExaw==

    Социалдык медиада бөлүшүү