“Манас” агенттигинен кичинекей конокторго мультфильм көрсөтүлдү


  • 2024-05-22

2024-жылдын 21-майында “Манас” агенттиги жана коммуникация факультети тарабынан Бишкектеги түрк мектебинин башталгыч класстарынын окуучуларына мазмундуу иш-чара уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар коммуникация факульетинин кинозалында анимациялык мультфильм көрүшүп, көңүлдүү убакыт өткөрүштү.

“Манас” агенттиги окуучулардын коммуникация дүйнөсү менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүү жана тасманын сыйкырдуу ааламына кадам таштоого үндөө максатында уюштурулган бул иш-чара кичинекей конокторубузга унутулгус тажрыйба тартуулады.

“Манас” агенттигинин кызматкерлери мындай иш-чаралар балдардын социалдык жана маданий жактан өнүгүүсүнө салым кошорун белгилеп, мындан ары да улана берерин билдиришти.

Бул маңыздуу иш-чара “Манас” агенттигинин жана коммуникация факультетинин социалдык жоопкерчиликти аңдоо менен иш алып барып, жаш муундардын маданий жактан өнүгүүсүнө салым кошуу миссиясын дагы бир жолу көрсөттү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7RPdxXtfzm/

    Социалдык медиада бөлүшүү