Тарых бөлүмүнүн студенттери Ысык-Көлдө “Жаштар тарых менен жолугушууда”


  • 2024-05-24

2023-2024-окуу жылынын социалдык долбоорлорунун алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин тарых бөлүмү тарабынан  2024-жылдын 17-майында маңыздуу иш-чара болуп өттү.

Тарых бөлүмүнөн доц.м.а.док. Роза Абдыкулованын жетекчилигинде ишке ашырылган  “Жаштар тарых менен жолугушууда ” аттуу иш-чара студенттерди тарыхтын тереңдиги менен тааныштырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө жүз студент Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизация борборуна, Ысык-Көл мамлекеттик аймактык тарыхый-маданий музей-коругуна, ачык асман алдындагы музейге жана “Рух Ордо” маданий борборуна барышты.

Бул мазмундуу иш-чара студенттердин тарыхый жана маданий аң-сезимин жогорулатууну максат кылып, ошону менен бирге Кыргызстандын бай тарыхый мурастарын жеринде изилдөөгө мүмкүнчүлүк түздү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C7WTfi0tFKK/?igsh=amoydzdraHFjMjh5

    Социалдык медиада бөлүшүү