СТУДЕНТТИК ЖАТАКАНА БАШКАРМАЛЫГЫНДАН КУЛАКТАНДЫРУУ


  • 2024-05-24

2024-2025-окуу жылы студенттик жатакана үчүн кайрылуулар (арыздар) 24.05.2024 – 17.06. 2024  күндөрү кабыл алынат.

Студенттердин кайрылуу арыздары интернет аркылуу http://obis.manas.edu.kg/ электрондук адреси аркылуу жүргүзүлөт.

Студенттин http://obis.manas.edu.kg/ сайтында колдонгон коду аркылуу кире алат.

Тиркеме:

1. Студенттик жатаканада жашоо үчүн  алгач кайрылуу арыз жазуу керек. Кайрылуу арызы жок студенттер  жатаканада жашоо үчүн кабыл алынбайт.

2. Кайрылуу арызында үй-бүлөлүк абалды, университетте окуган бир туугандарынын санын жана башка балл берилүүчү жагдайлар белгиленген  болсо, жатаканага  катталууда  ал жагдайларды  тастыктоочу документтердин тиркелүүсү зарыл, тастыкталбаган учурда арыз жараксыз деп эсептелет.

3. Кайрылуу арыздар балл берүү системасына ылайык баалангандан кийин эң жогорку балл алган студенттерден башталып тизмеге коюулуп, жатаканага негизки тизмеси менен өткөн студенттердин тизмеси жана кошумча (резервде турган) студенттердин тизмеси түзүлөт. Белгиленген убакыт аралыгында каттоодон өтпөгөн студенттер  жатаканада жашоо укугунан айрылат жана алардын ордуна кошумча (резервде турган) тизмедеги студенттер кезегине жараша кабыл алынат.

4. 2024-2025 окуу жылы үчүн төмөндөгү таблицада белгиленген. Жаңы окуу жылында жатакана төлөмдөрүндө өзгөрүү болсо кайрадан жарыяланат.

(Жатакана наркынан тышкары ар бир студенттен депозит 2500 сом алынат).

 

А БЛОК

Б БЛОК

С БЛОК

ДАЯРДОО КУРСУНУН  СТУДЕНТТЕРИ

-------

 

11.400 СОМ

 

11.400 СОМ

ЖОГОРКУ  КУРС СТУДЕНТТЕРИ

14.250 СОМ

11.400 СОМ

11.400 СОМ

МАМЛЕКЕТТИК СЫНАККА КИРЕ ТУРГАН ЖОГОРКУ КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ

15.000 СОМ

12.000 СОМ

12.000 СОМ

САБАКТАРЫ  МАЙ АЙЫНДА  АЯКТООЧУ ЖОГОРКУ  КУРС СТУДЕНТТЕРИ (КОТОРМОЧУЛУК.ТУРИЗМ Ж.Б.)

12.750 СОМ

10.200 СОМ

10.200 СОМ

АКЫРКЫ КУРСУНУН СТУДЕНТТЕРИ

15.000 СОМ

12.000 СОМ

12.000 СОМ

5. Жатаканага жайгашууда окуу жылынын аягына чейинки төлөм болуп  накталай банкка төлөнөт (Накталай төлөй албагандар үчүн экиге бөлүп төлөө жеңилдетүүсү каралган).

6. КТМУ тарабынан чет өлкөлөргө практикага кеткен жана негизки кезек тизмеси менен жатаканага жайгашуу  укугуна ээ болгон  студенттердин (орундары) сакталуу калат.  Бирок бул студенттер да башка студенттер сыяктуу эле Сентябрь айынан баштап жатаканада жашоо акысын төлөшөт.

    Социалдык медиада бөлүшүү