Шаңга толгон коштошуу кечеси: Кош бол, даярдоо курсу!


  • 2024-05-24

2024-жылдын 23-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чет тилдер жогорку мектебинин тил даярдоо бөлүмү тарабынан “Кош бол, даярдоо курсу!” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтка айланган концерттик иш-чара 2023-2024-окуу жылында чет тилдер жогорку мектебинде кыргыз, түрк, англис, орус жана кытай тилдерин үйрөнгөн даярдоо курстарынын студенттери үчүн уюштурулуп, алар даярдоо курсун ийгиликтүү аяктоо менен бакалавр билимин алууга кадам таштоонун кубанычын жашашты.

Өзгөчө шаңдуу маанайда өткөн кече Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, ректордун башкы кеңешчиси, чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, профессор Режаи Доган, ректордун кеңешчиси, экономика жана башкаруу факультетинин деканы, профессор Серхат Бурмаоглу, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, профессордук-окутуучулук курам жана көп сандагы студенттердин катышуусунда өттү.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн ректордун башкы кеңешчиси, чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, профессор Режаи Доган студенттерге бакалавр билимин алууда ийгиликтерди каалап, алар үчүн алгачкы уясы болгон чет тилдер жогорку мектебинин эшиги ар дайым ачык экенин айтты.

Куттуктоо сөзү үчүн сахнадан орун алган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан студенттерге кайрылып, аларды аябай жакшы көрөрүн жана ал үчүн абдан баалуу экендиктерин билдирди. Ректор, профессор Жейлан  студенттер менен бирге ойчул Ажы Бекташ Велинин “Бир бололу, ири бололу, жигердүү бололу!” – деген маанилүү сөзү менен жыйынтыктады.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин даярдоо курстарынын студенттери тарабынан кыргызча, түркчө, орусча, англисче жана кытайча жан эргиткен обондуу ырлар жаңырып, көркөм ырлар окулуп, түрк элинин элдик бийлери тартууланды. Зал толо көрүүчү ар бир аткарууну дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоп отурушту. Бул иш-чара эки элдин бир туугандык мамилесин, орток баалуулуктарын жана маданий байлыктарын ачып берди.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чет тилдер жогорку мектебинин тил даярдоо бөлүмүндө 25 жылдан бери үзүрлүү иштеп, бул жылы пенсияга чыгуу алдында турган ага окутуучу Зехра Билгеге тиешелүү тармакты өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн ыраазычылык билдирилип, гүл тапшырылды. Бул маңыздуу учур залдагылар тарабынан дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду.

“Кош бол, даярдоо курсу!” аттуу иш-чара кыргыз-түрк боордоштугунун эң сонун үлгүлөрүнүн бири катары көп жылдар бою эс-тутумда сакталып калмакчы.

 

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7WR_2YtmQF/

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7WSVIgN90X/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C7WKEMfNoSJ

    Социалдык медиада бөлүшүү