“Манас” университетинде V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыктар талкууланды


  • 2024-05-25

2024-жылдын 24-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин социалдык курулуштар имаратында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата маанилүү жыйын болуп өттү.

Жыйында КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган, ага окутуучу, док. Уланбек Алимов, Көк бөрү федерациясынын вице-президенттери Рамис Жунусалиев жана Нурлан Максүтов менен жолугушуп, 2024-жылы Астанада өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыктар боюнча жолугушушту.

Жыйында салттуу оюн жана спорт изилдөө институту менен Көк бөрү федерациясынын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, Түркия, Өзбекстан, Орусия, Америка сыяктуу мамлекеттердин көк бөрү командалары V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү үчүн Ысык-Көлдө уюштурула турган лагерь боюнча деталдуу сүйлөшүүлөр орун алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө көк бөрү аттарын бөлүп берүү жана саяпкерлер менен машыктыруучулардын биргелешип иштөөсү талкууланды.

Кызматташтык жана даярдоо процесстеринин ийгиликтүү улантылуусу үчүн тараптардын орток пикирлери жана сунуштарын талкуулоо менен жыйын соңуна чыкты.

Бул жыйын V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган командалардын мыкты даярдык көрүүсү жана салттуу спорт түрлөрүнүн эл аралык деңгээлде таанытууда чоң мааниге ээ.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7Wuz4qt69w

    Социалдык медиада бөлүшүү