Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери “Манас” университетинде


  • 2024-05-27

2024-жылдын 24-майында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ийгиликтүү студенттери Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келишти. Сапардын жүрүшүндө студенттер “Манас” университетинин лабораторияларында, илимий жана колдонмо борборлорунда, аудиторияларда, китепканаларда, “Манас” телестудиясында жана “Манас” радиостудиясында болушуп, кеңири маалымат алышты.

Ошондой эле университеттин социалдык жашоосу чагылдырылган кампусту кыдырган студенттер “Манас” университети түзгөн шарттар менен жакындан таанышышты. Бул сапар эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана студенттерге академиялык жана социалдык жактан көбүрөөк маалымат менен жана тажрыйба берүүгө  өбөлгө болду.

Сапардын соңунда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери “Манас” университетинин заманбап билим берүү жана илимий изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн жактыргандыктарын билдиришти.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7f6WATNNw8/

    Социалдык медиада бөлүшүү