Студенттик жатакана тарабынан уюштурулган спорттук турнирлердин сыйлык тапшыруу аземи


  • 2024-05-27

2024-жылдын 27-29-апрель күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Студенттик жатаканасы уюштурган стол тенниси, шахмат жана тогуз коргоол боюнча турнирлер чоң толкундануу менен өттү.

140 студенттин катышуусунда күчтүү атаандаштык менен өткөн турнирлердин жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи 2024-жылдын 24-майында КТМУнун А блок студенттик жатаканасында уюштурулду.

Сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, Ден соолук, маданият жана спорт башкармалыгынын башчысы Назира Кубанычбек жана жатакананын мүдүрү, док. Серхат Атмажа катышты.

Жатакананын мүдүрү, док. Серхат Атмажа турнирлерде өздөрүн көрсөтө алган студенттер менен тааныштырып, “140 студенттин арасында өзгөчөлүк жаратып ийгиликке жетишкен бардык студенттерди чын дилимден куттуктайм”, - деди.

Биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев: “КТМУнун Студенттик жатаканалары Кыргызстандагы эң мыкты шарттарга ээ болгон жатаканалар. Ушундай жакшы жабдылган жана таза жашоо аянтына ээ болгонуңуздар үчүн абдан бактылуусуздар. Спорттук турнирлерде жетишкен ийгиликтериңиздер менен куттуктайм!” –деди.

Жеңүүчү болгон студенттерге “Манас” университетинин атайын белектери тапшырылып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Турнир студенттер арасында достукту жана атаандаштыкты чыңдоого салым кошту.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7gBmditTxn/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C7f_t7Ttvxw/

    Социалдык медиада бөлүшүү