Чыгармачылыктын түстүү дүйнөсүнө саякат: “Графикалык дизайн” көргөзмөсү


  • 2024-05-28

Үстүбүздөгү жылдын 23-май күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультети тарабынан “Графикалык дизайн” аттуу окуу жылын жыйынтыктоочу көргөзмө уюштурулду.

КТМУнун Курманжан Датка атындагы сүрөт галереясында өткөн  көргөзмөдө көркөм өнөр факультетинин студенттеринин 2023-2024 окуу жылы аралыгында жасаган эмгектери искусство сүйүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Студенттердин чыгармачылык жана эркин ой жүгүртүүсү аркылуу кылдаттык менен иштелген эмгектер коюлган көргөзмөгө ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган, көркөм өнөр факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Маданий иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган XXI кылымда университетте билим алган адамдардын мындан көп көндүмгө ээ болуусу керектигин баса белгилеп, студенттерге кайрылып мындай деди: “Бүгүн бул жерде коюлган эмгектер алдыдагы жашооңуздарды чындап жакшырта турган жана сиздер үчүн сыймык боло турган эмгектер. Өнөрдү эч качан таштабай, кесиптин эң мыктысы болууга аракет кылыңыздар!” Профессор Доган көркөм өнөр факультетин куттуктоо менен көргөзмөнү ачууга салым кошкон профессордук-окутуучулук курамга жана студенттерге терең ыраазычылык билдирди. 

Көркөм өнөр факультетинин графика бөлүмүнүн ага окутуучусу Сезер Эрдоган бүгүнкү күндө графикалык дизайн санарип доорго кадам таштаганын, жасалма интеллект аркылуу да графикалык дизайндарды жаратуу процессине киргенин айтты. “Бир жыл бою биз студенттерибиз менен салттуу ыкмаларды да, замандын талабына ылайык санарип ыкмаларды да колдонуп иш алып бардык. Бул эмгектер 1-курстан баштап 4-курстун студенттерине таандык”, - деген ага окутуучу Сезер келген конокторго көргөзмө тууралуу кыскача маалымат берди.

Аталган көргөзмө искусствого, чыгармачылыкка арналган бир жылдын мыкты жемиштерин тартуулап, студенттердин келечектеги ийгиликтерине жарык чачкан учур катары эсте калды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7gsXPvNZo9/

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C7eZc6GN3vg/

    Социалдык медиада бөлүшүү