“Манас” университетинде бөбөктөргө тасма шаңы


  • 2024-05-30

Кыргыз-Түрк “Манас” университети социалдык жоопкерчилик долбоорлорунун алкагында Бишкекте жайгашкан Түрк башталгыч мектебинин окуучулары жана “Манас” университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жайкы мектебинин катышуучулары үчүн унутулгус күн тартуулады.

2024-жылдын 28-майында КТМУнун коммуникация факультетинин кинозалында уюштурулган иш-чарада бөбөктөр мультфильм көрүшүп, көңүлдүү убакыт өткөрүштү.

Балдар түстүү анимациялык тасмаларды абдан толкундануу жана шыктануу менен көрүштү. “Манас” университети тарабынан уюштурулган бул иш-чара кызыктуу убакыт өткөрүү менен гана чектелбестен, жаш муундун социалдык жоопкерчилик сезимин жогорулатууга да салым кошту.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7lvXVFt1zf/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C7l8LtmRWAp/

    Социалдык медиада бөлүшүү