Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжине иш сапар


  • 2024-05-30

2024-жылдын 28-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын жетекчилигиндеги делегация Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжине иш сапар менен барды.

Делегациянын курамын Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган, тышкы байланыштар бюросунун мүдүрү, док. Кадри Аггүн түздү.

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледж менен таанышуу, кызматташууну пландоо максатында уюштурулган жолугушууга аталган билим берүү мекемесинин директору Уланбек Турдалиев, окуу иштери боюнча директордун орун басары Рахат Акматова, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Тамара Дилдебек кызы, өндүрүштүк окутуу боюнча директордун орун басары Асел Абдырахманова, башталгыч класста окутуу бөлүмүнүн башчысы Мамат Абытов, музыкалык бөлүм башчысы Нуртилек Абдигапаров катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан “Манас” университети катары Бишкек шаарындагы бир нече билим берүү мекемелери менен кызматташкандарын айтты. Ректор, профессор Алпаслан Жейлан: “Биз “Манас” университетинин ураанын “Университеттен да артык" – деп өзгөрттүк. Мунун себеби бир гана билим берүү жаатында эмес, ошол эле учурда башка уюмдар, мекемелер менен да тыгыз кызматташтыкта болуу”, -деди.

КРнын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен бул багытта сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн айткан ректор, профессор Жейлан бир мектеп жана бир институтту бир тууган окуу жай катары алып, кызматташуу максатында иш алып барууну пландап жатышканын билдирди.

Биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев өз сөзүндө тажрыйба алмашуу эки тарапка тең пайдалуу болорун айтып, кызматташуу боюнча пикир алмашуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледждин директору Уланбек Турдалиев окуу жай менен тааныштырып, жалпы маалымат берди. Турдалиев өз сөзүндө “Колледж менен университеттин ортосунда кызматташуу чоң ийгиликке жеткирет деген ишеничтемин”, -деди.

Жолугушуу музыкалык-педагогикалык колледждин салтанаттуу жыйындар залын, окуу бөлмөлөрүн, китепканасын кыдыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

                                                  

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7lwQ9rNNJm/

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C7imTMcNVfu/

    Социалдык медиада бөлүшүү