“Манас” университетинде “Балдар университети” жайкы мектеби башталды


  • 2024-05-30

“Манас” университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борбору социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында уюштурулган “Балдар университети” жайкы мектеби программасы 2024-жылдын 27-майында башталды.

6-10 жаш арасындагы балдарга арналган жана 2024-жылдын 7-июнуна чейин улана турган бул иш-чара эки жума бою бөбөктөргө эстен кеткис көз ирмемдер тартуулайт.

Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жетекчиси, доцент Эркан Эфилти иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп, университет кызматкерлеринин балдарына, 33 кичинекей окуучуга эшигин ачканын билдирди. Доцент Эркан Эфилти балдарды университет чөйрөсү менен тааныштырууну жана аларды өз мектептеринен башка дүйнө менен жолуктурууну максат кылгандарын айтты.

Доцент Эркан Эфилти жайкы мектеп убагында балдардын сүрөт, спорт, вокал, бий, кол өнөрчүлүк жана тасма сыяктуу ар кандай курстар менен көңүл ачып, жаңы жөндөмдөрдү ала тургандыктарын айтты.

Программанын жүрүшүндө балдар ар кандай мастер-класстарга, билим берүүчү жана көңүл ачуучу иш-чараларга толгон жайды өткөрүшөт.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C7okZL3yPVc/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү