Көркөм өнөр факультетинен жыл жыйынтыктоочу көргөзмө - искусствонун туу чокусу


  • 2024-05-31

2024-жылдын 23-май күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Курманжан Датка атындагы сүрөт галереясында көркөм өнөр факультетинин живопись бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери тарабынан уюштурулган жыл жыйынтыктоочу көргөзмө ачылды.

Искусство сүйүүчүлөрүнүн чоң кызыгуусун жараткан көргөзмөгө КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин, профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана көптөгөн искусство ышкыбоздору катышты.

Ачылыш сөзүн сүйлөгөн ректор, профессор Алпаслан Жейлан 2023-2024-окуу жылында көркөм өнөр факультети алып барган мыкты иш-аракетинин натыйжасында алдыга чыкканын баса белгиледи. “Манас” университетинин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү эмгекчил, адеп-ахлактуу инсан катары турмуш жолун улантышарын белгилеген профессор Жейлан бардык студенттерге кесиптик жашоосунда ийгиликтерди каалады. Ошондой эле университетке кошкон зор салымы үчүн декан, профессор Чагатай Акенгинге ыраазычылык билдирүү менен сөзүн аяктады.

Декан, профессор Чагатай Акенгин өз сөзүндө көркөм өнөр факультети жылдын акыркы көргөзмөсүн уюштурганын айтып, буларга токтолду: “Бүгүн биз сиздер, искусство сүйүүчүлөр үчүн абдан жемиштүү өткөн окуу жылыбыздын акыркы көргөзмөсүн даярдадык. Ар дайым көрсөткөн колдоосу үчүн ректор, профессор Алпаслан Жейланга чексиз ыраазычылык билдирем. Биздин профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин зор эмгектери үчүн бактылуумун жана сыймыктанам.”

Көргөзмөдө көркөм өнөр факультетинин живопись бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттеринин көз жоосун алган эмгектери искусство сүйүүчүлөрүнө тартууланды. Түстөрдүн жана текстуралардын сыйкырдуу гармониясы менен жаралган сүрөттөр көргөзмөнүн ачылышына келген конокторду керемет көрүнүш менен тосуп алды. Көргөзмөгө коюлган эмгектер искусствонун шыктандыруучу күчүн жана жаш таланттардын чыгармачылык дараметин ачып берди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C7l16uCNFDT/

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C7mB9aNyWI7/

    Социалдык медиада бөлүшүү