“Манас” университетинде Стамбулду багындыруунун 571 жылдыгы белгиленди


  • 2024-05-31

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Стамбулду багындыруунун 571 жылдыгы чоң шыктануу менен белгиленди.

2024-жылдын 29-майында “Манас” университетинин конгресс жана маданият борборунда көркөм өнөр факультети тарабынан уюштурулган Стамбулду багындыруунун 571 жылдыгына арналган концерттик программа өткөрүлдү.

Иш-чарага “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин, теология факультетинин деканы, профессор Хасан Айык, Мыйзам чыгаруу комиссиясынын төрагасы жана Табигый илимдер институтунун мүдүрү, профессор Исмет Алтынташ, профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышты.

Иш-чара эки өлкөнүн гимндерин аткаруу менен башталды. Андан соң теология факультетинен кенже илим.кызм. Шахимардан Орунбеков куран окуду.

КТМУнун көркөм өнөр факультетинин “Түрк дүйнөсү” оркестринин “Эй, даңктуу армия” жана “Артар Жихатла даңкыбыз” аттуу чыгармалардын аткаруусу менен уланган программа көрүүчүлөргө эмоцияга толгон көз ирмемдерди тартуулады.

Концертте КТМУнун көркөм өнөр факультетинин ага окутуучусу, ырчы Ирфан Гүрдал “Ислам аскерлерибиз” жана “Бул мекен кимдики?” аттуу чыгармаларын аткарды.

Концерт хордун коштоосунда ырдалган “Чабуул маршы” менен аяктады.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан жыйынтыктоочу сөзүндө Стамбулду багындыруунун 571  жылдыгы менен куттуктап: “Бүгүн көптөгөн баатырлардын жардамы менен бактылуубуз, тынчпыз жана сыймыктанабыз”, - деди. Бул күндүн маанисине жана маанилүүлүгүнө токтолгон ректор, профессор Алпаслан Жейлан аталган маңыздуу концертти уюштурган көркөм өнөр факультетине жана салым кошкон бардык адамдарга ыраазычылык билдирди.

Көркөм өнөр факультети тарабынан Стамбулду багындыруунун 571 жылдыгына карата уюштурулган бул иш-чара тарыхый жеңишти эскерүү жана маданий баалуулуктарыбызды сактап калууда маанилүү жолугушуу жерине айланды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C7rHwcPtQYV/?igsh=ZGRpanl5OTBrZ3du

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C7t1wartdJ0/?igsh=NnU2cWdsMWV2cjVu

    Социалдык медиада бөлүшүү