Ректор, профессор Жейлан “Балдар университети” жайкы мектебинин окуучулары менен бирге Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгиледи


  • 2024-06-01

2024-жылдын 31-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балдар университетинин” жайкы мектебинин окуучулары менен жолугушту.

Бешбармак чатырында өткөн жолугушууда бөбөктөр менен баарлашып, жагымдуу убакыт өткөргөн профессор Жейлан балдарды куттуктады.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан келечектин кепилдиги болгон балдардын билим алуусуна маани бергендерин баса белгилеп, мындай иш-чаралардын алардын өнүгүүсүнө чоң салым кошорун белгиледи.

Жолугушуудан кийин көркөм өнөр факультетинин графика бөлүмүнүн ага окутуучусу Айтбүбү Бадахшанова жана анын таланттуу студенттери КТМУнун “Балдар университети” жайкы мектебинде окуган бөбөктөрдүн жүзүн түркүн түстөргө боёп, алардын кубанычтарына кубаныч кошушту.

“Манас” университети катары бардык балдарды 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, аларга бактылуу келечек каалайбыз!

 

Haberin Fotoğrafları:

 https://www.instagram.com/p/C7qp1cBNaAh/

https://www.instagram.com/p/C7qz5DYt8LL/

    Социалдык медиада бөлүшүү